Индонезияда 6,6 баллдык жер титирөө

Дүйнө 14 сентябрь 2026 18:05
Индонезияда 6,6 баллдык жер титирөө
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Индонезиянын жээгинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ява аралындагы Телукнага шаарынан 115 чакырым түндүктө жайгашкан. Ал эми анын очогу 358 чакырым тереңдикте болгон.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок. Цунами коркунучу жарыяланган эмес.