Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Индонезиянын жээгинде күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тернате шаарынан түштүк-батышка карай 131 чакырым аралыкта жайгашып, 49 чакырым тереңдикте катталган. Тернате шаарында болжол менен 101 миңдей адам жашайт.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Ошондой эле жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланган жок.
Тиешелүү кызматтар кырдаалга көз салып, кошумча маалыматтарды тактоону улантууда.