Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Индонезияда Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышын чагылдырууга барган беш журналист жана кеменин үч экипаж мүчөсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан журналисттер Antara жана Anadolu агенттиктеринде иштешет. Аларды издөө иштери 8-сентябрдан бери уланууда.
4-сентябрда атыла баштаган бул жанар тоо 7-сентябрда басаңдаган. Андан атылган күл жана түтүн 15 миң метрден ашык бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Индонезиянын метеорология кызматынын маалыматына ылайык, вулкандын күркүрөгөн үнү 700 чакырымга чейинки аралыкка угулган.
Кракатау жанар тоосу 1883-жылы атылган учурда болжол менен 36 миң адам каза болгон. 1927-жылы бул кырсыктан кийин пайда болгон жаңы жанар тоо Анак-Кракатау (Кракатаунун уулу) деп аталып, азыркыга чейин активдүү бойдон калууда.
2018-жылдын декабрында Анак-Кракатаунун бир бөлүгү урап, анын кесепетинен цунами болгон. Анда 430дан ашуун адам каза таап, 14 миңге жакын киши жаракат алган.