Индиялык спортчу: Кыргыз элинин жылуу мамилеси абдан жакты

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 12:00
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Индиядан келген Сонат Пал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына салттуу жаа атуу боюнча катышууда.

Анын айтымында, бул анын Кыргызстанга экинчи жолу келиши. Ал алгач 2015-жылы Азия Кубогунун хоккей боюнча чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

“Бүгүнкү иш-чара абдан жакшы өтүп жатат. Бул Кыргызстанга экинчи жолу келишим. Биринчи жолу 2015-жылы Азия кубогунун хоккей боюнча чемпионатына катышуу үчүн келгем.
Мага ат оюндары, ат үстүндөгү мелдештер жана жаа атуу мага абдан жагат. Кыргызстандын салттары мен жашаган Индиянын Ладакх аймагындагы салттарга окшош экен. Адамдардын кийимдеринен, жүзүнөн жана жалпы маданиятынан окшоштуктарды байкадым. Кыргызстанга кайра дагы келгим келет. Бул жердин атмосферасы абдан кооз жана мага Ладакх аймагын эске салат. Кыргызстанга бардык нерсе үчүн рахмат айткым келет. Тамактарыңар абдан даамдуу экен. Кыргыз элинин меймандостугу жана адамдардын жылуу мамилеси мага абдан жакты”, — деди ал.