Индияда сел жана жер көчкүдөн кеминде 19 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 20 Июль 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-07-20 at 08.44.43.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Индиянын түндүк аймактарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен болгон сел жана жер көчкүлөрдөн улам 19 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, Жамму жана Кашмир аймагында табигый кырсыктардын кесепетинен 11 адам каза болгон. Ошондой эле катуу жаан-чачындан улам Пунч жана Ражури райондорунда сел жүрүп, жер көчкү катталган. Учурда бир нече адам дайынсыз болуп, аларды издөө-куткаруу иштери уланууда.

Ошондой эле өз нугунан ташып чыккан дарыялардан улам жапыз аймактарды суу каптаган. Айрыкча Пунч шаарында ондогон автоунааларды сел агызып кетип, көптөгөн унаалар дагы эле суунун алдында калууда.

Ал эми Нагаленд штатында болгон жер көчкү алдын ала маалымат боюнча сегиз адамдын, анын ичинде балдардын өмүрүн алды. Куткаруучулар урандылардын алдынан төрт адамдын сөөгүн алып чыгышты. Издөө-куткаруу иштери уланууда. Жер көчкү бир нече турак үйдү талкалаган.

Индиянын Метеорология кызматы өлкөнүн түндүк аймактарында орточо жана катуу жаан-чачындар 23-июлга чейин улана турганын эскертти. Бийлик жарандарды сак болууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.