Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Индияда толугу менен өлкө ичинде иштелип чыгып, курулган алгачкы суутек менен жүрүүчү поезд сыноодон ийгиликтүү өттү. Ал 1,2 миң чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп, болжол менен 3,2 миң литр дизелдик отунду үнөмдөөгө жетишти. Бул тууралуу TV BRICS агенттигине таянып, БелТА билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы убакта поезд Дели шаарына жакын аймактардагы темир жол каттамдарында дагы кошумча сыноодон өткөрүлөт.
10 вагондон турган поезд суутек күйүүчү элементтери менен жабдылган. Бул система суутек менен кычкылтектин химиялык реакциясы аркылуу электр энергиясын өндүрөт. Анын негизги артыкчылыгы – атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай, болгону суу буусун гана пайда кылат.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында поездде суутектин агып кетишин, ысып кетүүнү, түтүндү жана өрттү аныктоочу заманбап көзөмөл системалары орнотулган. Ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралса автоматтык түрдө өчүрүү жана туруктуу желдетүү механизмдери каралган.
Индиянын темир жол министри Ашвини Вайшнав өлкө суутек поезддеринин технологиясына болгон интеллектуалдык менчик укуктарын сактап калганын белгиледи. Анын айтымында, бул келечекте технологияны башка мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.