Индия-Антарктика тоо кыркаларында жер титиреди

Дүйнө 9 июнь 2025 13:22
Индия-Антарктика тоо кыркаларында жер титиреди

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:15те Индия-Антарктика тоо кыркаларынын батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги Германиянын Геология изилдөө борборунун маалыматына таянуу менен жазды.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу түштүк кеңдиктин 47,83 градус жана чыгыш узундугу 115,95 градус координаттары болгон чекитте жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.