Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. SpaceX компаниясына таандык дүйнөдөгү эң ири Starship ракетасынын кезектеги сыноо учурулушу стартка саналуу секунд калганда токтотулду. Бул тууралуу Associated Press агенттигине шилтеме берүү менен Kазинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, ракета учурулууга толук даяр болгон. Бирок стартка үч секунд калганда кыймылдаткычтарды иштетүү башталганда алардын төртөө талаптагыдай ишке кирген эмес. Мындан улам автоматтык коопсуздук системасы учурууну дароо токтотуп, калган 29 кыймылдаткычты өчүргөн. Натыйжада ракета старттык аянтчадан көтөрүлгөн эмес.
SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск эки кыймылдаткыч алмаштырылып, кийинки старт келерки аптанын башында болушу мүмкүн экенин билдирди.
Бул Starship ракетасынын 13-сыноо учурулушу болмок. Бийиктиги 124 метрге жеткен ракета 33 кыймылдаткыч менен жабдылган жана дүйнөдөгү эң ири жана эң кубаттуу ракета болуп саналат.
Сыноо учурунда ракета орбитага жаңы муундагы 20 Starlink спутнигин алып чыгышы керек болчу. Учурулуш АКШнын Техас штатындагы Мексика менен чек арага жакын жайгашкан Starbase космодромунан жүргүзүлүп, болжол менен бир саатка созулмак.
Белгиленгендей, бул жолу ракетанын биринчи баскычын да, космос кемесин да кайра кайтаруу каралган эмес. Программа аяктагандан кийин экөө тең океанга түшүшү пландалган.
Ошондой эле Starship АКШнын NASA агенттигинин Artemis Ай программасынын негизги бөлүгү болуп саналат. NASA келечекте бул ракетаны астронавттарды Айдын бетине жеткирүү үчүн пайдаланууну көздөп, бул багытта SpaceX жана Джефф Безоско таандык Blue Origin компаниясы менен келишим түзгөн.
Планга ылайык, Starship жана Blue Moon конуу модулу келерки жылы сыноодон өтүп, ал эми Artemis IV миссиясынын алкагында 2028-жылдан эрте эмес эки астронавтты Айдын түштүк уюлуна жеткирүү пландалууда.