Илон Маск дүйнөдөгү супер миллиардерлердин тизмесине кирди

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2025 14:40
d1a64c8eba76c481f93.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Америкалык ишкер, АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск Altrata компаниясынын эксклюзивдүү рейтингине таянуу менен Wall Street Journal гезитинин жарыялоосуна ылайык, супер миллиардерлердин рейтингинин сап башында турганын РИА Новости жазып чыкты.

24 пункттан турган рейтингге ылайык, 2025-жылдын февраль айына карата байлыгы 419,4 миллиард долларга бааланган Маск дүйнөдөгү эң бай адам.

Ошондой эле аталган рейтингге америкалык Amazon интернет-ритейлеринин негиздөөчүсү Жефф Безос (263,8 миллиард доллар), француз кымбат баалуу буюмдарды өндүрүүчү LVMH компаниясынын ээси Бернар Арно (238,9 миллиард доллар), америкалык программалык камсыздоону өндүрүүчү Oracle корпорациясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон (237 миллиард доллар) жана Me8 Corporation2 компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг кирди.

Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Брин 160,5 миллиард доллар байлыгы менен алтынчы орунду ээледи.

Wall Street Journal белгилегендей, дүйнөдөгү эң бай 24 адамдын жалпы байлыгы 3,3 триллион долларды түзөт. Аллардын 16сынын байлыгы 100 миллиард доллардан ашат, деп баса белгилеген басылма.