Кыргызстандагы ЖОЖдордун 6 илимий долбоору ири грантка ээ болду: Тизме

Коом
Кыргызстандагы ЖОЖдордун 6 илимий долбоору ири грантка ээ болду: Тизме
Кыргызстандагы ЖОЖдордун 6 илимий долбоору ири грантка ээ болду: Тизме
Алдыга
Артка
Кыргызстандагы ЖОЖдордун 6 илимий долбоору ири грантка ээ болду: Тизме
Кыргызстандагы ЖОЖдордун 6 илимий долбоору ири грантка ээ болду: Тизме
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) конкурсунун экинчи раундунун жыйынтыгы боюнча алты долбоор каржылоого тандалып алынды.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдиргендей, тиешелүү чечим ведомствого караштуу Изилдөөлөр жана инновациялар боюнча кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Сынактын жеңүүчүлөрү:

  1. "Аутизм боюнча эл аралык демилге": Кыргызстан менен Швециянын биргелешкен изилдөөлөрү, санариптик скрининг жана инклюзивдик билим берүү" — "Ала-Тоо" эл аралык университети.
  2. "Кыргызстандын бренддик күрүч сортторун салттуу сапат көрсөткүчтөрүн сактоо менен кайра иштетүүчү инновациялык комплексти иштеп чыгуу (KyrRiceTech)" — Б. Осмонов атындагы ЖАМУ.
  3. "Биомедициналык инженерия боюнча компетенциялар борбору" окуу-практикалык лабораториясы — И. Раззаков атындагы КМТУ.
  4. "AgriTech Innovation Hub: Мал чарбачылыгынын биотехнологиясы жаатындагы окутуу жана изилдөө инновациялык борбору" — К.И. Скрябин атындагы КУАУ.
  5. "МАКАМ" социологиялык изилдөөлөрдүн маалымат базасынын улуттук платформасы — К. Карасаев атындагы БМУ.
  6. "Өрүктүн данегин калдыксыз кайра иштетүү (Баткен)" — И. Раззаков атындагы КМТУ.

Тандоо тартиби кандай өткөн?

Сынак 2026-жылдын 5-мартында башталган:

  • 1-этап (17-апрелге чейин): 292 концепция келип түшүп, анын 197си экинчи этапка өткөн.
  • 2-этап (15-июнь — 15-август): 126 толук долбоордук өтүнмө катталып, көз карандысыз эксперттик баалоого жөнөтүлгөн.
  • Экспертиза жана финал: 23 эксперттен турган техникалык топ анонимдүү баалоо жүргүзүп, 30 долбоорду Кеңештин кароосуна сунуштаган. Алардын ичинен 11 долбоор финалга чыгып, жыйынтыгында 6 жеңүүчү аныкталды.

Фонддун жалпы бюджети 4 миллион долларды түзөт. Ар бир долбоорго 200 миң долларга чейин грант берилип, ишке ашыруу мөөнөтү 3 жылга чейин созулат. Каражаттар илимий жабдууларды сатып алууга, изилдөөлөргө жана кадрлардын квалификациясын жогорулатууга жумшалат.