Кыргызстанда илимге багытталган каржылоо көбөйтүлөт

Министрлер кабинети 31 Декабрь 2025 13:00
6954b57211395-thumb.jpg
6954b7a1c1d2e-thumb.jpg
6954b7a1389c9-thumb.jpg
6954b7a14221c-thumb.jpg
6954b57edd562-thumb.jpg
6954b57f00d01-thumb.jpg
6954b77e59f07-thumb.jpg
6954b77f34e94-thumb.jpg
6954b79f4a132-thumb.jpg
6954b79f4e62f-thumb.jpg
6954b592c35f9-thumb.jpg
6954b592caca7-thumb.jpg
6954b795a0cc7-thumb.jpg
6954b5723fdf7-thumb.jpg
6954b7823cec1-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6954b57211395-thumb.jpg
6954b7a1c1d2e-thumb.jpg
6954b7a1389c9-thumb.jpg
6954b7a14221c-thumb.jpg
6954b57edd562-thumb.jpg
6954b57f00d01-thumb.jpg
6954b77e59f07-thumb.jpg
6954b77f34e94-thumb.jpg
6954b79f4a132-thumb.jpg
6954b79f4e62f-thumb.jpg
6954b592c35f9-thumb.jpg
6954b592caca7-thumb.jpg
6954b795a0cc7-thumb.jpg
6954b5723fdf7-thumb.jpg
6954b7823cec1-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасына караштуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, технологиялык суверенитеттин жана улуттук коопсуздуктун негизги фактору катары илим менен инновациянын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө илимий чөйрөнүн учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары тууралуу баяндамалар угулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Геология илимине мамлекеттик колдоону күчөтүү маселеси да талкууланды.

Жыйындын соңунда Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды.

Кеңештин чечиминде илимди жана геологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты экендиги белгиленген.

Министрлер кабинетине илимий иштердин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган системалуу чараларды ишке ашыруу; илимий чөйрөнү каржылоону акырындык менен көбөйтүү жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу; геология илимин модернизациялоо, илимий мекемелердин кадрларын жана материалдык-техникалык базасын чыцдоо сунушталды.