Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинети президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) маселелери жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом менен Улуттук илимдер академиясынын уставы, Кыргызстанда илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо тиркемелерге ылайык бекитилди.
Токтом менен УИАнын укуктук макамы жөнгө салынып, илимий экспертизанын ролу күчөтүлүп, өлкө президенти үчүн илим боюнча ар жылдык улуттук отчётту жана министрлер кабинети үчүн отчёттук мезгил ичиндеги илимий жетишкендиктер көрсөтүлгөн жылдык отчётту даярдоо милдети киргизилди.
Мындан тышкары УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби жөнгө салынып, квалификациялык талаптар, жаш-курактык чектөөлөр, академиялык жоопкерчилик белгиленип, УИАнын кызматкерлеринин этика кодексине тиешелүү, илимий же административдик ишмердикти жүзөгө ашыруу процессинде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө маселелери камтылды.