Азербайжан лидери кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады

Президент Загрузка... 20 Март 2026 12:35
653702803_1504685891666040_1812344797299097988_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Жеке өзүмдүн жана Азербайжан элинин атынан сизди жана сиз аркылуу боордош кыргыз элин ислам дүйнөсүнүн ыйык күнү — Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бардык дуба-тилектериңиздердин жана үмүттөрүңүздөрдүн орундалышын каалайм.

Терең тарыхый тамырларга, орток руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга негизделген Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да биргелешкен аракеттердин аркасында өнүгүп, кеңейе берет деп ишенем.

Бул жарык майрамда Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.