Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга жол берилген жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн уюштуру жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ИИМдин бардык аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тартылды.
Милиция кызматкерлери тартипти шайлоо тилкелеринин ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту.
Ыкчам штабдар берген маалыматтарга ылайык, добуш берүү мезгилинде одоно мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу.