ИИМ: Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат — Кабар

ИИМ: Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат

Коом 30 август 2026 14:00
IMG_1902.jpeg
copyright icon ИИМ

Бишкек, 30.08.26. /Кабар/. 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө ШКУ саммитине расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилди.

Бишкек шаарында ”Манас” эл аралык аэропортуна жана Васильевский трактындагы каттамдарда, ошондой эле Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде кыймылга убактылуу чектөө киргизилет.

Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда чектөөлөр болот.

Ал эми Тамчыдагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына баруучу жолдо транспорт кыймылы убактылуу чектелет.

ИИМ жарандарды жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдаланууга чакырды. Ведомство көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.