III Элдик курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөр чечилүүдө

Элдик курултай Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. 2024-жылы жылы өткөн III Элдик курултайда өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер көтөрүлгөн. Курултайдын делегаттары көбүнчө аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү түздөн-түз жогорку бийликке жеткирүү менен маселелерди чечип берүүнү өтүнүшкөн. Жыйынтыгында аймактарды өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана курулушту күчтөндүрүү сыяктуу тармактар артыкчылыктуу багыт катары аныкталган.

III Элдик курултайда стратегиялык маселелерге басым жасалары айттылганы менен социалдык маселелер менен кайрылгандар арбын болгон. Бул көйгөйлөр тиешелүү министрликтердин иш планына киргизилип, 2025-жылдын ичинде өкмөт тарабынан бул багытта бир катар иштер аткарылууда.

Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 31-августтуна карата берген маалыматына ылайык, калкты таза суу менен камсыздоодо 85 айылда курулуш иштери жүрүп, жыл ичинде 60 айылды таза суу менен камсыздоо иштери бүткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, III Элдик курултайда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жалпы 652 кайрылуу келип түшсө, алардын 60 пайызы иригация, ал эми ичүүчү таза суу маселеси 23 пайызды түзгөн.

Тиешелүү министрликтен билдиришкендей, учурда курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көбү чечилүүдө. Айрымдарына токтолсок, Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду. Айыл өкмөттүн бюджетинен 1 млн 800 миң сом акча бөлүнүп, 1200 метр аралыктан суу түтүктөрү тартылып келинген. Ноокат районунун Жийде, Каранай жана Сарыканды айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында скважина чыгарылып, айылдын 16 миң 884 тургундары ичүүчү суу менен камсыз болушту.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги рекорддук көрсөткүч жаратып, 2024-жылы жолго асфальт төшөө көрсөткүчү 802 километрди түзсө, быйыл жаңы салынып, асфальтталган жолдор 1200 чакырымдан ашкандыгын билдирди. Мунун ичинде курултайдагы кайрылууларда айтылган жолдор да камтылган. Мисалы курултайда көтөрүлгөн, Жаңы-Арык - Кызыл-Суу жолунун 8 чакырымы асфальтталды. Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жыйынтыкталды. Азыркы тапта убактылуу жол сызыктары чийилип, эки тараптуу каттам берилди.

Ошондой эле элдик жыйында делегаттар тарабынан айтылган дагы бир маселе чечилип, Чүйдүн Ак-Түз айылында ички көчөлөр асфальтталган. Аталган министрликтин дарегине III курултайда 215 кайрылуу кат келип түшкөндүгү жана жарандардын кайрылууларын аткаруу максатында көлөмдүү иштер аткарылып жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, өлкөдө ири ГЭСтерди реконструкциялоо жана электр энергиясынын кубаттуулугун көтөрүү боюнча чакан ГЭСтерди куруу иштери жүрүүдө. Учурда жалпы кубаттуулугу 153,91 МВт болгон 43 чакан ГЭС жана Чүй облусунда жайгашкан жалпы кубаттуулугу 1,95 МВт болгон күн электр станциялары иштейт. 2025-жылдын аягына чейин дагы 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландаштырылууда. Алсак, Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан барган делегат II Элдик курултайда электр кубатынын начардыгы тууралуу маселе көтөрүп, иш Энергетика министрлигине жеткирилген. Жыйынтыгында аталган аймакта 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонунун курулушу аяктоо этабында турат. Бул объект райондун Өзгөрүш, Талды-Суу, 1-Май айыл аймактарын жана жакынкы калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Жалпысынан Энергетика министрлигине жалпы энергетика боюнча өткөн жылдагы курултайдан 42 кайрылуу түшкөн.

Негизинен курултайда эң көп айтылганы социалдык маселелер болгон. Бул көйгөйлөр тиешелүү министрликтердин иш планына киргизилип, 2025-жылдын ичинде өкмөт тарабынан бул багытта бир катар иштер аткарылууда. Аймактардагы мектеп, бала бакча жетишсиздиги көйгөйү айтылгандыктан, быйыл августка карата 115 социалдык объекттинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктаган. Алардын арасында 63 мектеп, 19 бала бакча курулган. Мындан сырткары, 2025-жылдын соңуна чейин дагы 100дөй социалдык объектини пайдаланууга берүү пландалууда.

III Элдик курултайда делегаттар тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине тиешелүү 100гө жакын кайрылуулар катталып, алардын негизинде иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, делегаттын кайрылуусу менен Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл аймагына караштуу Кандава айылындагы 225 окуучу орундуу Б. Моңолов атындагы мектепттин курулушу 2025-жылы башталып, учурда имараттын пайдубалы 40 пайыз аткарылган. Дагы бир делегат Ош шаарындагы Озгур айылындагы бала бакчанын курулушун бүткөрүүнү сураган. Натыйжада министрликтин көзөмөлүндө аталган бала бакча курулууда.

Бул элдик курултайда айтылган маселелердин айрымдары. Негизинен бардык көтөрүлгөн көйгөйлөр тиешелүү министрлик же мекемелердин иш планына киргизилип, бүгүнкү күндө четинен ишке ашырылууда. Алардын жыйынтыгы элдин жашоосунда байкалып, аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө болууда. Албетте, бул - мамлекет менен элдин ортосундагы түз диалогдун натыйжасы. Курултай институту Кыргызстанда жарандык коомду чыңдоонун, элдин пикирине таянган мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп калды.