Ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери ротацияланды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 04 Ноябрь 2025 19:51
FB_IMG_1762264215804.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Ички иштер органдарынын бир катар жетекчилери ротацияланды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн коллегиялык отурумда белгилүү болду.

Атап айтканда, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков кызмат ордунан бошотулуп, Ички аудит кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов кызмат ордунан бошотулуп, Ички иликтөө кызматынын башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Белгилей кетсек, ИИМ жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталат.