Харассмент: адам жеке чегин коргоону билиши керек - психолог

Маек Загрузка... 08 Август 2025 18:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Харассмент - бул жөн гана жагымсыз мамиле эмес, адамдын жеке чегине болгон одоно баскынчылык. Кыргыз коомунда мындай учурлар мурун жашырылып келсе, азыр ачык айтылып, коомдун талкуусуна алына баштады.

Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьясына катчысы тарабынан ыдык көрсөтүү фактысы боюнча жазылган арызы буга мисал. Анда судья кызматтык абалынан пайдаланып, катчысына WhatsApp мессенджери аркылуу интимдик мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп, ар кандай терс сунуштар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлап жүргөнүн УКМК билдирген.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.16.41.jpeg

Бул өңдүү окуялар – коомдо харассмент маселесинин олуттуу экенин жана ага кайдыгер болбоо зарылдыгын көрсөтүүдө. Андыктан мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн андан коргонуу жолдорун билүү өзгөчө маанилүү. Харассменттин түрлөрү, себептери жана анын психологиялык кесепеттери тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине тажрыйбалуу психолог Салтанат Кыдыралиева кеңири айтып берет.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.16.40.jpeg

Харассмент жана анын түрлөрү

Харассмент түшүнүгү бизге негизи англис тилдүү адабият жана маалымат каражаттарынан келген. Ал кыргыз тилинде ыдык көрсөтүү деп колдонулууда. Адамдын жеке чегин бузуу дегенди билдирет. Атап айтканда агрессордун жабыр тарткан адамга (жертва) үстөмдүк кылып, баш ийүүнү талап кылуусу деп түшүнсө болот.

Физикалык түрү – бул уруксатсыз адамдын денесине тийүү, кучактоо, кармалоо

Вербалдык түрүнө - жагымсыз сөздөрү айтуу, шылдыңдоо, кемсинтүү ж.б. кирет.

Жаңсоо (жест) же көз караш менен жасалган ыдык көрсөтүү дагы бар.

Андан сырткары физикалык куугунтук деген бар. Мисалы, мында агрессор жабырлануучуга физикалык жактан залал келтириши мүмкүн (түртүп жиберүү, кол көтөрүү).

Ошондой эле кызмат абалынан пайдалануу же моббинг (жумуш ордундагы кысым көрсөтүүнүн психологиялык формасы). Кызматкерди суракка алуу. Орунсуз суроолорду берүү.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.16.40 (1).jpeg

Психологиялык ыдык – бул бир адамды бөлүү, кошпой, чакырбай, ал сүйлөсө унчукпай коюу. Бул бир гана жумушта эмес үй-бүлөдө дагы бар. Мисалы, аны күйөөсү аялына, ата-эне балдарына, туугандар бири-бирине, биздин коомдо кайын журт келинине жасашы мүмкүн.

Кибер куугунтук деген бар. Социалдык тармактарда кимдир-бирөөлөр жөнүндө жагымсыз маалыматтарды таратуу, кемсинтүү, шылдыңдоо. Жагымсыз пикир айтуу.

Сексуалдык ыдыкка – жетекчинин жумуш жеринде кол алдындагы кызматкерине жасаган физикалык же вербалдык аракеттери мисал. Узак убакыттар бою сексуалдык аракеттерге мажбурлап, ошого байланышкан сөздөрдү айтып, көз караштары менен билдирүүсү жана ошондой эле мамилелеш болууга үндөгөн ар кандай сунуштары ыдыктын жогоруда аталган түрүнө кирет.

Бул нерсе жетекчи менен кызматкерден сырткары, окутуучу менен студенттин, мугалим менен окуучунун, такси менен кардардын ортосунда ж.б. кездешип, коомдук транспортто аял кишилерге, өзгөчө жаш кыздарга тийишкен учурлар көп болоруна күбө болуп келебиз.

Адам өзүнүн жеке чегин коргоону билиши керек

Кыргыз коомунда негизинен эле жеке чектерди коюуну үйрөтүү деген жок. Мисалы, Скандинав өлкөлөрүндө кичинекей балдарга жеке чекти коргоо бала бакчадан баштап үйрөтүлө баштайт экен.

Харассментке көбүнчө өзүнүн жеке чектерин жакшы коргой албаган адамдар туш болушат. Өзүнүн укугу менен жеке чегин коргой алгандар көбөйсө ыдык дагы азаймак.

WhatsApp Image 2025-08-08 at 17.16.41 (1).jpeg

Харассмент курмандыгы кандай абалдарга дуушар болот?

Андан жабыр тарткан адам - биринчи кезекте өзүн күнөөлөйт. Себеби, биздин үй-бүлө маданиятында ошентип үйрөтүлөт. Жабырлануучуда “Мен ушундай кийинген үчүн, жакшы иштебей жатканым үчүн, өзүм ушундай болгонум үчүн” деген ой жаралат.

Муну менен катар эле адамдын өзүн-өзү баалоосу жана өзүнө ишенүүсү төмөндөйт. Андан кийин тынчсыздана баштайт. Бул кырдаалдан чыга аларына ишенбейт. Статистика боюнча ыдыкка учурагандардын көбү үнсүз калышат. Бирөөгө айтуудан тартынышат.

Абалы убакыт өтүү менен начарлап депрессияга өтүп, чара көрүлбөсө суицид менен аякташы мүмкүн. Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы суициддердин бирден бир себеби да башка балдар же мугалимдер тарабынан жасалган харассмент болушу ыктымал.

Ыдыктын курмандыгы болгон адам эмне кылышы керек?

Биринчи кезекте ал өзүнүн күнөөлүү эмес экендигин түшүнүшү керек. Өзүнүн жүрүм-турумуна, эмоциясына, аракеттерине жоопкерчилик алганы жетиштүү. Калганына агрессор күнөөлүү. Ал моралдык жана юридикалык жактан жооптуу болорун түшүнүү зарыл. Өзүнүн жеке чектери менен иштеп, өзүн биринчи орунга коюп, керек десе жумушун алмаштырышы зарыл. Алмаштыра албаса жардам издесин. Кырдаалга баш ийип жашай берүүнүн кереги жок.

Ал эми бул абалдан чыгуу үчүн жакындарына айтуу керек. Унчукпай ичке каткан болбойт. Колдон келсе психологго баруу зарыл. Синематерапияны же библиотерапияны колдонуп, маалыматтарды издегени жакшы.

Ыдык көрсөтүүгө карата чаралар

Дүйнөлүк статистикага ылайык, аял кишилер көбүнесе жумуш ордунда ыдык көрсөтүүгө кабылышат. Ал эми Кыргызстанда 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда харассментке кабылаары белгилүү болгон.

Эл аралык эмгек уюму 2019-жылы Женевада өткөн өзүнүн 108-сессиясында эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук менен ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча конвенцияны кабыл алган.

Ошондой эле, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграцияны министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 23-январындагы жаңыланган Эмгек кодексинде 9-беренесине Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого жол бербөө деген аталыш менен кирген. Анын 5-пунктунда - эмгек чөйрөсүндө басмырлоого, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомблукка, ыдык көрсөтүүгө, куугунтукка дуушар болду деп эсептелген адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арыз менен сотко кайрылууга укуктуу деп белгиленет.