Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. 25-апрелде Россиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында кыргызстандык жарандар жол кырсыгына кабылган.
Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, саат 21:00дөр чамасында “Тойота Саксид” үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 65 жаштагы айдоочу жөө адамдар өтүүчү жерден 2004-жылы туулган М.А. жана И.К. аттуу жарандарды сүзүп кеткен.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси (бөлүмү) жана Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп, бул окуянын бардык жагдайларын тактап жатат.
Россия тарапка окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук кеңеш берилүүдө.