Грециянын 10 аймагында өрт коркунучу жогорулады

Дүйнө 16 сентябрь 2026 09:10
Грециянын 10 аймагында өрт коркунучу жогорулады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Грециянын 10 аймагында өрт чыгуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында өрт коркунучунун үчүнчү деңгээли — “жогорку” коркунуч жарыяланды.

“Жогорку” коркунуч деп белгиленген аймактардын катарына Киклад, Додеканес аралдары, Лесбос, Скирос, Хиос, Псара, Самос жана Икария аралдары, ошондой эле Аттика менен Эвбеянын айрым райондору кирди.

Бийлик жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого жана сак болууга чакырды. Ошондой эле өрт чыкканын байкаган учурда тез арада Өрткө каршы кызматына кабарлоо керектигин эскертти.