ГЭСтер аба менен суудай керек болуп турат – президент

Президент Загрузка... 25 Июнь 2026 10:00
e3f6cdce325d70802032cd99771efc6c.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө ГЭСтер аба менен суудай керек болуп турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Анын айтымында, мамлекет ГЭСтерди курууда. Бирок, завод-фабрика, социалдык объектилер байма-бай курулуп жаткандыктан, өлкө дефицитти жаба албай калууда.

“Шамал менен күндөн электр энергиясын алуучу станцияларды куруудабыз. Ошондо дагы биз дефицитти кууп жете албай жатабыз. Себеби, ортодон завод-фабрикалар, мектептер, бала бакчалар салынууда. Алардын баарына электр энергиясы керек. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөрдү салып жатабыз. Быйылкы жылдын аягына чейин 30 миң үй-бүлөгө турак жай берилет. Эгер жогоруда аталгандар салынбаганда электр энергиясын экспорттоп отурат элек”,-деп билдирди президент.