Германияда 66 жаштагы аял 10-баласын жарык дүйнөгө алып келди

Дүйнө Загрузка... 27 Март 2025 14:04
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Германиянын Берлин шаарынын тургуну Александра Хильдебрандт 66 жашында 10-баласын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, анын онунчу баласы Филипп өткөн аптада төрөлгөн. Ымыркайдын салмагы 3 550 грамм, бою 50 сантиметр. Аялдын сегиз баласы кесарево жолу менен төрөлгөн, дарыгерлер бул сейрек кездешүүчү көрүнүш экенин айтышууда.

“Хилдебрандттын жаш курагына карабай физикалык абалы мыкты”,-дешет дарыгерлер.

Александра биринчи жолу 21 жашында эне болгон. 53 жаштан кийин сегиз бала төрөлгөн.

Учурда ал 12 жаштагы эгиздер Элизабет менен Максимилиан, 10 жаштагы Александра, 8 жаштагы Леопольд, 7 жаштагы Анна, 4 жаштагы Мария жана 2 жаштагы Катаринаны тарбиялап жатат.

Александранын улуу балдары 45 жаштагы Светлана дарыгер, 36 жаштагы Артем дипломат жана конфликт боюнча адис.

Белгилей кетсек, Александра Хилдебрандт бул куракта көз жарып рекорд жараткан айым эмес. Индиянын Нью-Дели шаарынын тургуну Эрраматти Мангамма 2019-жылы 74 жашында төрөгөн.