Гендердик баланс. Президент мамлекеттик кызматтарда аялдардын иштөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтти

Президент Загрузка... 20 Февраль 2026 14:14
1049733333_0_0_2439_1373_1920x0_80_0_0_4b17e0aeb7ccbc21c4226a1fc3f15a75.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик башкарууда гендердик балансты камсыз кылуу максатында "Айрым жарлыктарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документ башкаруучу кадрлар резервин түзүү айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүгө гана багытталбастан, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасында аялдардын кыйла кеңири катышуусун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалынын иштөөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөр жана адилеттүү атаандаштык принциптерин айкалыштыруу үчүн туруктуу жана институттук шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Айрым саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн алкагында төмөнкүдөй милдеттер ишке ашырылары белгиленди:

– квоталоо системасын киргизүү – бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;

– гендердик балансты камсыз кылуу – кадрлар резервинде аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкерлерге артыкчылыктуу укук берүү;

– кесиптик өнүктүрүү системасын киргизүү жана лидер аялдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын башкаруучу кызмат орундарына бирдей жеткиликтүүлүк үчүн шарттарды түзүү, салттуу гендердик стереотиптерге негизделген тоскоолдуктарды азайтуу.

Жарлыкка ылайык, 2027-жылдын аягына карата күтүлүүчү натыйжаларда алдын ала көрсөтүлгөн. Анда башкаруучу кадрлар резервинде талапкерлердин кеминде 30%ын аялдар түзүшү зарыл.

Ал эми бардык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлеген аялдар кеминде 20%ды түзүшү керек. Бул көрсөткүч 2030-жылы 30%га жетиши кажет экени белгиленген.

Жарлык кол коюлган күндөн тарта он күндөн кийин күчүнө кирет.