Гарвард чет элдик студенттер үчүн визаны калыбына келтирет

Дүйнө Загрузка... 09 Июнь 2025 12:26
WhatsApp Image 2025-06-09 at 11.43.42.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Күн мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү консулдуктарга Гарвард университетине тапшырган чет элдик студенттердин визалык арыздарын кайра кароону улантууну тапшырды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

АКШнын Мамлекеттик департаментин басма сөз кызматы белгилегендей, Консулдук бөлүмдөр АКШда Гарвард университетинде окуу үчүн, анын ичинде алмашуу программалары боюнча келген чет элдик студенттер үчүн визаларды кароону кайра баштоосу керек.

Эске салсак, буга чейин 22-майда Улуттук коопсуздук департаментинин (DHS) башчысы Кристи Ноем Гарвард университетинин “Чет элдик студенттер менен алмашуу” программасын токтотууну буйруган.

Ал өз сөзүндө Гарвард "мыйзамды сактабагандыгы үчүн" SEVP сертификатын жоготкондугун жана анын токтотулушу "өлкөдөгү бардык университеттерге жана академиялык мекемелерге эскертүү болушу керек экендигин белгилеген.

Көп убакыт өтпөй университет тиешелүү чечим менен макул болбогонун билдирип, Трамптын администрациясын сотко берген. Университет доо арызында федералдык өкмөттүн аракеттерин “мыйзамсыз” деп билдирген. Тыюу салуу АКШнын округдук судьясы Элисон Берроуз тарабынан токтотулган.