Угандалык блогер: Кыргызстанды бир сөз менен “укмуштуудай” деп сүрөттөйм

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 23:20
Угандалык блогер: Кыргызстанды бир сөз менен “укмуштуудай” деп сүрөттөйм
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Угандадан келген блогер Лидия Кыргызстанга болгон сапары учурунда Бишкек, Ысык-Көл жана Караколдо болуп, өлкөнүн жаратылышына, элине жана меймандостугуна суктанганын айтты.

“Азырынча Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Караколдо болдум. Бул жерде мага баары жакты. Элдери абдан меймандос, ачык-айрым экен. Тамак-аштары да даамдуу”, — деди ал.

Лидия Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө таасир калтырганын белгиледи.

“Өлкө абдан кооз экен. Жаратылышы, өзгөчө бийик тоолору суктандырды. Кыргызстанды бир эле сөз менен сүрөттөсөм, “укмуштуудай” деп айтат элем”, — деп кошумчалады ал.