Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Түндүк Корея беттешет

Спорт Загрузка... 05 Июнь 2025 11:22
WhatsApp Image 2025-06-05 at 11.23.11.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында өтөт. Кыргызстандыктар бул оюнду Бишкек убактысы боюнча 00:15те (6-июнга караган түнү) көрө алышат. Ошондой эле беттеш Ала-Тоо аянтына коюлган чоң экрандан акысыз көрсөтүлөт.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, Ала-Тоо аянтында футболду түз алып берүүнүн алкагында фан-зона уюштурулат. Анда балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, футбол клубдарынын жана мектептеринин жарманкеси, интерактивдүү зоналар жана оюндар уюштурулат. Башталышы – 19:00дө.

Маалымат үчүн: Бул тандоо турунда алты командадан үч топко бөлүнгөн 18 команда беттешет. Ар бир топтон эки мыкты команда дүйнө чемионатына тандалып алынат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду алган командалар төртүнчү раундга өтүп, ал жерден дагы эки команда дүйнөлүк биринчиликке катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

10-июнда кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттары менен беттешет.