Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 11-августтан 31-августка чейин Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа кыймылы үчүн аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы жаралган жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке автотранспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.