Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Франциядан келген режиссер Симон Паулин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештер жана кыргыз элинин маданияты ага өзгөчө таасир калтырганын билдирди.
Ал Кыргызстанга “Entre Deux Pôles” долбоорунун алкагында даректүү тасма тартуу үчүн келген. Тасманын үстүндө Франциядан келген эки адам иштеп жатат.
“Бул жакка даректүү тасма тартуу үчүн келдик. Көчмөндөр оюндары мага абдан жакты. Спорттун түрлөрү жана маданият менен жакындан таанышуу абдан таасирдүү болду.
Тасма үчүн көптөгөн сүрөттөрдү тартып, социалдык тармактарга да бир топ материалдарды жарыяладым.
Мен бул оюндарды абдан жактырдым. Абдан чоң жана маанилүү иш-чара экен. Аны өз көзүм менен көрө алганыма кубанычтамын.
Мага өзгөчө көк бөрү, ат чабыш жана ат үстүндөгү жаа атуу оюну таасир калтырды. Айрыкча, аялдардын жаа атуудагы чеберчилиги абдан таң калтырды” — деди ал.