Францияда жүзүм түшүмү кескин начарлады

Дүйнө 9 сентябрь 2026 09:15
Францияда жүзүм түшүмү кескин начарлады
copyright icon Www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Францияда аптаптуу ысыктан улам быйыл жүзүмдүн түшүмү кескин азайышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Каинформ кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, 2026-жылы өлкөдө болжол менен 33,9 млн гектолитр шарап өндүрүлөт. Бул 2025-жылга салыштырмалуу 6% аз жана акыркы беш жылдык орточо көрсөткүчтөн 17% төмөн.

Бул акыркы 30 жылдагы эң начар түшүмдөрдүн бири, ал эми Эл аралык жүзүм жана шарап уюмунун (OIV) маалыматы боюнча, 1957-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болушу мүмкүн.

Адистер түшүмдүн азайышын негизинен рекорддук ысык, кургакчылык жана аптаптуу толкундар менен байланыштырышууда. Ысыктан жүзүмдөр күнгө күйүп, жалбырактары түшүп, мөмөлөр соолуп калган.

Эң чоң жоготуу Шампань аймагында катталууда — түшүм былтыркыдан 49% аз болушу мүмкүн. Бургундия жана Божоледе түшүм болжол менен үчтөн бирине, Юрада 37%га төмөндөйт.

Ошол эле учурда Лангедок-Руссильондо түшүм 5% өсүшү, Бордодо 10% көбөйүшү күтүлүүдө. Бирок бул аймактарда да көрсөткүч орточо деңгээлден төмөн бойдон калат.

Францияда жүзүм жыйноо быйыл адаттагыдан эрте башталды. Өлкөдө түшүмдүн төмөндөшү үчүнчү жыл катары менен уланып жатат. Бийлик аптаптан жабыркаган фермерлерге жардам берүү үчүн 1 млрд евродон ашык каражат бөлгөн.