Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Франциянын синоптиктери сентябрь айындагы рекорддук жогорку температураны катташты. Бул тууралуу Le Figaro гезитине таянып Интерфакс жазды.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Франциянын түштүгүндөгү Тарн департаментинде абанын температурасы 40,3 градуска чейин ысыган.
Францияда сентябрь айындагы мурунку рекорд 2022-жылы катталган, анда абанын температурасы 40,2 градус болгон.
Франциянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында ысык аба ырайы кайтып келди. Алты департаментте аба ырайы тууралуу эскертүү жарыяланды.