Францияда июль айында үч музей тонолду

Дүйнө Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-07-28 at 09.06.35.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Францияда июль айынын ичинде үч музейге карата ири уурулук фактысы катталды. Бул тууралуу Le Parisien басылмасына таянып, Известия маалымдады.

Акыркы уурулук окуясы 24-июлда Кот-д'Ор департаментиндеги Шатийон музейинде болгон. Анда Викс казынасына кирген моюнга тагуучу алтын шуру уурдалган.

Ал эми 5-июлда Төмөнкү Рейн аймагындагы Лалик музейинен 27 зер буюм уурдалган. Алардын жалпы баасы 4,5 миллион евродон ашат.

Мындан тышкары, 1-июлга караган түнү Тарн департаментиндеги Монтан археологиялык борборунан биздин заманга чейинки 50-жылга таандык 40тай алтын тыйын уурдалган. Алардын баасы 120 миң евродон жогору экени айтылууда.

Le Parisien басылмасынын маалыматына ылайык, бул окуялар Франциядагы музейлер уюшкан кылмыштуу топтордун бутасына айланып жатканын көрсөтүүдө.