Бишкек, 27.07.26 /Кабар/. Франция менен Испанияда токой өрттөрү күчөп, коопсуздук максатында эвакуацияланган адамдардын саны 300 миңден ашты. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Франциянын түштүк-батышындагы Жиронда департаментинде, айрыкча Бордо шаарынын аймагында өрт бир нече күндөн бери көзөмөлдөн чыга элек. Бийлик тилсиз жоону өтө күчтүү жана алдын ала божомолдоого мүмкүн эмес деп мүнөздөп жатат. Учурда кеминде 240 турак жай күйүп кеткени айтылууда.
Франциянын Өрт өчүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясынын маалыматына ылайык, өрттүн үстүндө пайда болгон пирокумулонимбус булуттары кырдаалды дагы да татаалдаштырууда. Мындай булуттар күчтүү шамалды жаратып, чагылган түшүрүшү мүмкүн, натыйжада жаңы өрт очоктору пайда болууда. Өрттү өчүрүүгө 2,5 миңге жакын өрт өчүрүүчү, 1,5 миң аскер кызматкери жана 1,2 миң полиция кызматкери тартылган.
Ал эми Испанияда негизги өрттөр Мадридге жакын борбордук аймактарда, ошондой эле Авила, Толедо жана чыгыштагы Кастельон провинцияларында катталууда. Бул аймактардан жалпысынан 75 миңге жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Валенсия аймагында өрт дем алыш күндөрү кайрадан күчөп, ал жактан дагы 15 миңдей тургун эвакуацияланган.
Өрттү өчүрүүгө Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр да жардам көрсөтүүдө. Францияга Хорватия менен Португалиядан өрт өчүрүүчү учактар, Чехиясдовакиядан Black Hawk тик учактары жөнөтүлүүдө. Ал эми Испанияга Италия эки Canadair амфибия учагын жөнөтүп, Грециядан дагы эки учактын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Нидерланд жана Португалия да өзүнүн авиациялык техникалары менен жардам берүүдө.
Адистердин айтымында, ысык аба ырайы жана кургакчылык өрттүн тез жайылышына негизги себеп болууда.