Франция балдардын соцтармактарды колдонуусуна жаңы чектөөлөрдү даярдоодо

Дүйнө 15 сентябрь 2026 09:35
Франция балдардын соцтармактарды колдонуусуна жаңы чектөөлөрдү даярдоодо
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Франция 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу БелТа билдирет.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагында билдиргендей, жаңы документ Конституциялык кеңеш мурдагы чектөөнү жокко чыгаргандан кийин иштелип чыккан.

Анын айтымында, Конституциялык кеңештин чечиминен кийин өкмөткө Европа стандарттарына жооп берген жана юридикалык жактан негизделген жаңы жобону даярдоо тапшырылган. Учурда мыйзам долбоору Европа комиссиясына жөнөтүлдү.

Макрон балдарды санариптик чөйрөдөгү коркунучтардан коргоо керектигин белгилеп, мындай жөнгө салуу Европанын бардык өлкөлөрүндө кабыл алынышы зарыл экенин айтты.

Буга чейин Франция парламенти 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн чектеген мыйзамды жактырган. Бирок август айында Конституциялык кеңеш бул норманы жокко чыгарган. Кеңеш балдардын кызыкчылыгын коргоо маанилүү экенин белгилегени менен, мурдагы мыйзам интернеттин балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна тийгизген коркунучтарын жетиштүү так аныктаган эмес деген бүтүмгө келген.