Флоридада 13 адам бара жаткан кайык жарылып кетти

Дүйнө Загрузка... 27 Май 2025 09:38
WhatsApp Image 2025-05-27 at 09.37.40.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. АКШнын Флорида штататында 13 адам бара жаткан кайык жарылып кетти. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Жээк кайтаруу кызматы кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, кырсыкта жабыркагандар бар. Алар ооруканага жаткырылган.

Кайык дүйшөмбү күнү кечки саат 05:45те курорттук шаар Форт-Лодердейлге жакын жерде жарылган. Учурда окуянын себебин аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатканы айтылды.