Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Телефондук жана санариптик алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнөн улам Улуттук банк алдамчылыктын кеңири таралган схемалары, коопсуздук чаралары жана жабыр тарткан жарандар көрүүгө тийиш болгон аракеттер тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү берди.
Ошондой эле мыйзамдарды катаалдаштыруу жана коопсуздуктун жаңы технологияларын киргизүү боюнча демилгелер айтылды.
Банк тармагында алдамчылыктын кандай түрлөрү кездешет?
Банк тармагында алдамчылыктын төмөнкү түрлөрү көп кездешет:
- Фишинг: жасалма сайттар же электрондук каттар аркылуу логин жана сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты алуу;
- Вишинг (Voice Phishing) (телефон аркылуу алдамчылык): өзүн банк кызматкери деп тааныштырып, алдоо жолу менен кардарлардан купуя маалыматтарды алуу үчүн телефон чалуулар;
- Скимминг: банк карталарынан маалыматтарды окуу үчүн банкоматтарга аппараттарды орнотуу;
- Социалдык инженерия: кардарларды алдоо жана алардын маалыматтарын алуу үчүн психологиялык ыкмаларды колдонуу;
- Төлөм карталары менен алдамчылык: уурдалган картадагы маалыматты колдонуу менен уруксатсыз транзакциялар.
Бүгүнкү күндө Улуттук банкка телефон аркылуу алдамчылыкка байланыштуу жарандардын арыздары келип түшүүдө. Алдамчылар жарандарга өздөрүн банктын, Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырат, эсеп боюнча жүрүп жаткан ар кандай операциялар жөнүндө кабарлайт жана купуя маалыматты сурайт, ошондой эле акча каражаттарын башка реквизитке которууну же кредитти тариздөөнү жана башка реквизитке которууну суранышат.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө WhatsApp аркылуу алдамчылык актуалдуу болууда. Алдамчылар жарандарга WhatsApp аркылуу жазып, банктын кызматкеримин деп өзүн тааныштырат. Алдамчы жарандан видео чалуу аркылуу туташууну суранат. Андан аркы схемасы телефон аркылуу алдамчылыкка эле окшош.
Акыркы учурда алдамчылар телефон чалуу аркылуу өзүн банктардын кызматкери деп тааныштырып, жарандардын банктык эсептеринен жана карталарынан акчаны уурдаган учурлар көп кездешүүдө. Буга байланыштуу коммерциялык банктар шектүү операцияларды көзөмөлдөп жатышабы жана кандай чаралар көрүлүп жатат?
Банктар төмөнкү чараларды колдонуу менен шектүү операцияларды текшеришет:
- Транзакцияны талдоо: кардарлардын жүрүм-турумундагы өзгөчө көрүнүштөрдү көзөмөлдөгөн жана шектүү операцияларды аныктаган автоматтык мониторинг системалары;
- Инсанды аутентификациялоо: операцияларды жүргүзүүдө кардарды тастыктоонун кошумча чаралары;
- Колдонуучулардын аутентификациясы жана коопсуздук деңгээлин кошумча камсыз кылуу үчүн колдонулган бир жолку сыр сөздү сурашат;
- Кардарларды окутуу жана маалымат берүү: алдамчылык ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды жүргүзүү жана маалымат таркатуу.
Банк кызматкерлери кардарга кайсыл учурларда телефон чалышы мүмкүн?
- Кардар карта алуу үчүн арыз калтырган. Эгерде банктын арыз боюнча суроолору болсо, банк кардар менен байланышат;
- Кардар транзакцияны өзү жүргүзгөнбү деген маалыматты тактоо үчүн;
- Кредит боюнча карызды өндүрүү боюнча чалышы мүмкүн;
- Кредитти сатуу боюнча жана маркетингдик сурамжылоо жүргүзүү үчүн чалышы мүмкүн;
- Эгерде кардар аралыктан видео-идентификациялоо жүргүзүүгө билдирме калтырса;
- Кардардын банкка мурда калтырган кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү үчүн.
Банк кызматкерлери эч качан ПИН-код же сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты сурабайт.
Жарандардын банктык жеке маалыматтарын кимдер көрө алат? Алдамчылар ал маалыматты билип алышы мүмкүнбү?
Банктын кардарды тейлеген кызматкерлери/ыйгарым укуктуу кызматкерлери гана жеке банктык маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө (иш милдеттерин аткаруу учурунда) ээ. Банктар кардарлардын жеке маалыматтарын уруксатсыз кирүүдөн жана алдамчылыктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүшөт. Бул чараларда технологиялык чечимдер да, уюштуруу жол-жоболору да камтылат.
Социалдык тармактарда белгисиз себептен улам, жарандардын эсебинен акча каражаты жоголуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр кездешет.
Картадагы акчанын сакталышына кепилдик барбы?
Банктар заманбап коопсуздук жана мониторинг системаларын кошо алганда, карталардагы акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат. Бирок, коопсуздук деңгээли кардарлардын өзүнөн жана алардын алдамчылыктан коргонуу ыкмалары жөнүндө кабардар болуусунан көз каранды болуп саналат.
Алданып, акчасын алдамчыларга которуп бергендердин каражатын кайтаруу мүмкүнбү?
Алданган жаран төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:
- Банкка окуя тууралуу дароо билдирүү;
- Картаны же эсепти бөгөттөө;
- Укук коргоо органдарына арыз берүү.
Алдамчыларга алданбаш үчүн кандай негизги эрежелерди билүү зарыл?
Кардар:
- Эч качан купуя маалыматты (ПИН-код, сыр сөз) телефон же электрондук почта аркылуу ачыкка чыгарбоого;
- Банктын расмий каналдары аркылуу түздөн-түз байланышып, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүүгө;
- Аккаунттарды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонууга;
- Коомдук жайларда банк карталарын колдонууда этият болууга;
- Өз эсептеринин абалына жана банктын билдирүүлөрүнө көз салууга тийиш.
Улуттук банк жарандардын банктарга болгон ишенимин сактоо үчүн кандай чараларды көрүүдө?
Банк тармагындагы алдамчылык аракеттердин көбөйүшүнө байланыштуу, Улуттук банк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ишенимин сактоо максатында бир катар мыйзамдык жана техникалык чараларды ишке ашырууда.
Негизги чаралар:
Токтотуп туруу мезгили (период охлаждения) – 2024-жылдын 27-ноябрындагы токтомго ылайык, аралыктан берилген кредиттер боюнча кардарга акча каражаты дароо которулбайт. Бул убакыт ичинде кардар чечимин өзгөртүп, кредиттен баш тартууга укуктуу.
Ошондой эле 2025-жылдын мартында Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми апрелде президент тарабынан кол коюлган мыйзам долбооруна ылайык, бардык банктарда, микрофинансы жана төлөм уюмдарында алдамчылыкка каршы автоматташтырылган системалар (антифрод) милдеттүү түрдө киргизилет.
Улуттук банктын демилгеси менен ИИМ, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, жеке маалыматтарды коргоо агенттиги, уюлдук операторлор жана башка мекемелерден турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул топ алдамчылыкка каршы комплекстүү сунуштарды иштеп чыгууда.
Ал эми, коммерциялык банктар, уюлдук жана төлөм операторлору арасында алдамчылык фактылары боюнча маалымат алмашуунун борборлоштурулган платформасын түзүү иштери жүрүп жатат. Анын концепциясы даярдалып, тиешелүү тараптар менен макулдашылууда.
Бул чаралардын негизги максаты – жарандардын каржылык коопсуздугун жогорулатуу, алдамчылыкты алдын алуу жана банк системасына болгон ишенимди бекемдөө.
Банктын атына жамынып алдагандарды табууга жана жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк барбы?
Алдамчылык жана уурдоо — кылмыш иштери болуп эсептелет жана бул иштерди укук коргоо органдары мыйзамга ылайык иликтейт.
Эгер сиз алдамчылыкка кабылган болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына жана банкка кайрылып, факт тууралуу билдирүү жасоо керек. Өз убагында кабарлоо — териштирүүнүн ийгиликтүү болушуна чоң жардам берет.