Финансы министри Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолугушту

Экономика 9 октябрь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.34 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 20.04.34 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 09.10.26./Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Алматы шаарындагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлору, Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргелешкен долбоорду каржылоо маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргелешкен долбоорду каржылоодо колдонулуучу валюта маселесине бурулду. Кыргыз тарап долбоорду каржылоодо АКШ долларын сактап калуунун жана долбоорду иш жүзүндө өз убагында баштоо үчүн бул маселени тез арада жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Алкактык макулдашууну иштеп чыгуу жана түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул механизм каржылоонун алдын ала болжолдонушун жогорулатууга, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө мүмкүндүк берери белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы стратегиясын даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Учурдагы стратегиянын мөөнөтү 2027-жылы аяктай тургандыгына байланыштуу Кыргызстандын 2030-жылга чейинки өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен жаңы стратегиялык документти иштеп чыгуу иштерин алдын ала баштоонун зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде индустриялаштыруу, транспорттук-логистикалык инфраструктура, айыл чарба, туризм жана "жашыл" энергетика багыттары камтылары айтылды.

Финансы министри Руслан Сүйналиев Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынын көп жылдык колдоосун жогору баалай турганын жана системалуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда финансы министри Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн 2027-жылдын март айында Кыргызстанда өткөрүү пландалып жаткан Араб координациялык тобунун кезектеги жыйынына катышууга чакырды.