Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Экономика 8 октябрь 2026 15:45
IMG_0439.JPG
IMG_0321.JPG
IMG_0375.JPG
Алдыга
Артка
IMG_0439.JPG
IMG_0321.JPG
IMG_0375.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Медербек Туманов мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи.

"Учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү", - деди ал.

Министрдин орун басары Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи. Көп жылдык кызматташтык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт. ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда жана иштелип чыгууда.

Медербек Туманов министрлик менен Банктын жетекчилигинин ортосунда үзгүлтүксүз түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы келип чыккан маселелерди ыкчам кароого, биргелешкен чечимдерди табууга жана кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого шарт түзөт.

Ошондой эле Медербек Туманов Хаммад Зафар Хундалды Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик тажрыйбасы Кыргызстан менен Банктын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.