Финалда кызыктуу оюн болот деп ойлойм – Манас Ниязов

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 11:00
Финалда кызыктуу оюн болот деп ойлойм – Манас Ниязов

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча Кыргызстандын командалары финалга чыгуу үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын улакчылары мелдешке олуттуу даярдык менен келип, көк бөрү жана көкпар боюнча байгелүү орундарды алууну максат кылууда.

Көкпар боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Манас Ниязовдун айтымында, кыргызстандык улакчылардын эки командага бөлүнүшү мелдештин стратегиялык маанилүү кадамы болгон.

“Эки командада тең жогорку деңгээлде аракет кылуу үчүн бөлүндүк. Эки командадан тең жеңишке жетишүүнү көздөдүк. Көк бөрүдөн да, көкпардан да биринчи орунду алсак деген максат бар”, — деди ал.

Анын белгилешинче, мамлекет башчысы командага мелдешти таза өткөрүп, Кыргызстанга келген конокторду сыйлап узатуу боюнча тапшырма берген.

“Мамлекет башчысы оюнду таза өткөргүлө, келген конокторду сыйлап жөнөткүлө деген тапшырма берди”, — деди Ниязов.

Ал Казакстандын курамасы мелдешүү үчүн күчтүү даярдык менен келгенин белгиледи.

“Казакстан абдан жакшы даярданып келиптир. Алар 30дай аты менен келишкен. Жакшы аттарды алып келишиптир, атүгүл Кыргызстандан да ат сатып алышкан. Буйруса, финалда кызыктуу жана жакшы оюн болот деп ойлойм”, — деди ал.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.