Филиппинде II дүйнөлүк согушта миңдеген туткундары менен чөккөн кеме табылды

Дүйнө Загрузка... 09 Июнь 2026 14:35
diving_25-05-2023_05.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Филиппиндин Самбалес провинциясынын жээгинен II дүйнөлүк согуш мезгилинде чөккөн япониялык Hofuku Maru жүк ташуучу кемеси табылды. Бул тууралуу Нидерланддын Маданий мурас боюнча королдук кызматы билдиргенин ТАСС жазды.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, кеме чөккөн маалда анын бортунда 1,2 миңден ашык нидерланддык жана британиялык аскер туткундары болгону аныкталды.

1918-жылы курулган Hofuku Maru кемеси япониялык жүк ташуучу конвойдун курамында болгон. 1944-жылдын 21-сентябрында Тайванга бараткан жолдо америкалык бомбалоочу учактардын чабуулуна кабылган. Бортундагы 250 нидерланддык жана 1 000 британиялык аскер туткундарынын дээрлик бардыгы кемеге бомба түз тийгенден кийин каза болушкан.

Учурда кеменин калдыктары суунун 50 метр тереңдигинде, калың ылай катмарынын астында жатат. Жергиликтүү тургундар бул жерде кеме чөккөнүн көп жылдардан бери билишкени менен, окумуштуулар архивдик документтердин, навигациялык жана археологиялык анализдердин жардамы менен гана анын дал ошол Hofuku Maru кемеси экенин такташты.

Нидерланд бийлиги бул аймакты "аскердик көрүстөн" деп жарыялады. Ушул себептен улам, кеменин калдыктарын суу түбүнөн өйдө көтөрүү иштери жүргүзүлбөйт. Кырсыктан каза болгондордун жакындарына бул табылга тууралуу расмий билдирүү жөнөтүлдү.