Фермер: Эттен мурда эмгектин баасын билели

Пикир Загрузка... 11 Декабрь 2025 12:50
2618c0d7-f34c-4ddc-b017-b80f8e90a63a.730x0.jpg
copyright icon WWW

Өлкө аймагында эттин баасы кескин жогорулап кетти. Кымбатчылык албетте калк арасында нааразычылыктарды жаратпай койбойт. Мындан улам, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы этке болгон баа 700 сомдон төмөн болушу керек деген чектөө койгон. Бирок, аймактардагы дүкөндөрдө эттин чекене баасы 690-790 сомдун айланасында кармалып турат. Айрым аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эт бизнесин тыкыр көзөмөлгө ала баштады. Алсак, Нарын облусунун ар бир районунда жарманкелер уюштурулуп, эт 600 сомдон сатылууда. Кимдин колунда аталган продукция болсо, жарманкеге келип сата берет. Болгону ветеринардык талапка жооп бериш керек.

Тыйындын эки тарабы бар демекчи, эт эмнеге кымбат, мындай баа кайдан пайда болуп жатат деген суроо менен жергиликтүү фермерлерге кайрылдык. Маекке бала кезинен мал кармап өскөн Уланбек Асаналиевди тарттык. Каарманыбыз эртеден кечке чейинки убактысын короодо өткөрөт экен. Уйларды сугарып, жем берип, алдын тазалагыча эле түн кирет дейт. Учурда короосунда 16 баш уй бар. Аларды эт багытында деп бордоп жатыптыр.

Уланбек Асаналиев - фермер:

«Этти Балыкчы, Кочкор, кээде Нарынга алып барып калабыз. Сатып алуучулардын баары тааныштар. Баа бир-бирибизге туура келсе эле, соода кыла беребиз. Бул жакта стабилдүү баа жок. Кээде 580 сом, кээде 600, 630 сомго чейин көтөрүлүп кетет. Малды базардан алып келип, байлап, чыгымды эсептегенде эле эттин өздүк наркы 590, 600 сом болот. Бул жерден саткан кишинин пайдасы бар. Андан алып, байлаган менин пайдам бар. Соңунда эт дүкөндөр пайдасын көрөт. Ошондо бир уй үч кишини багат».

Снимок экрана 2025-12-11 125619

Каарманыбыз жылына 80 баш бодо байлайт. Табигый чөп, саман, дан өсүмдүктөрүн, айтор тоютту камдоо үчүн эле 1 миллион 800 миң сомго жакын каражат сарптайт экен. Анын үстүнө, былтыркыга салыштырмалуу быйыл малдын баасы 25-30 миңге чейин кымбат болуптур. Ошого байланыштуу дагы эттин баасы өсүп кетти дейт.

Уланбек Асаналиев:

“Бардык жерде арзанчылык болгону жакшы. Бирок, ар нерсенин өзүнүн баасы бар да. Мээнетим акталбаса жаман кийим кийип алып, мал байлап эмне кылам? Андан көрө телефонду тиктеп жата бербеймби. Ушунча мээнет кылабыз, тынбай тытынабыз. Демек, эмгек акталыш керек. Мен да балдарымдын окуу акысын төлөйм, кийинтем, ичинтем дегендей…”

Каарманыбыз 1 уйга кандай кара күч жана каражат жумшаларын айтып берди. Эми ошол маалыматтарга таянып эттин өздүк наркы кантип 590-600 сомго чыгарын калькуляторго салып, эсептеп көрдүк.

cows-farm-cows-eating-hay-stable_109285-10279

Фермер базардан жаш малды 80 миң сомго сатып алат. Болжол менен аны 2 ай байлап, семирткенден кийин 265 килограмм эт берет. Фермер аны дүңүнөн 590 сомдон сатса, 156 350 болот экен. Эми ошол байланган уйдун жеген азыгына токтололу. Бир уй күнүнө 3 маал 9 килограмм жем жейт. Жемдин наркы 22 сом. 22 сомду 9га көбөйтсөк 198 сом болот. Эки айда кунажын 12 000 сомго жем жейт экен.

Эми чөпкө кеткен чыгымды санайлы. Бир уй 3 маал бир боо чөп жейт. Бир түк чөптүн баасы 350 сом. 350 сомду 2 айга көбөйтсөк, 21 000 сомду түзөт. Ошондо 60 күндө бир кунажындын жем-чөбүнө эле кеткен чыгым 33 000 сомго жетүүдө.

Мындан тышкары, чөптү туурап, жем тартуу үчүн электр энергияга кеткен акчаны, малчынын эмгегин же мындайча айтканда маянасын дагы эстен чыгарбайлы. Мунун баарына 2 айда 40 миң сом кетти дейли. Ошондо, 1 бодо малды бордогонго кеткен 60 күндүк чыгым 73 000 сомдон ашууда. Ага 2 ай мурда кунажынды сатып алган 80 миң сомду кошолу, 153 000 сом чыгууда. Ал эми аны союп ортомчуларга берген фермер 156 350 сом санап алууда. Эки айда көргөн пайдасы 3500 сомго дагы жетпейт.

Мына, эттин чыныгы наркы канча экенин бир фермердин бир баш малынын мисалында эсептеп көрдүк. Андыктан, азыкты сатып алып жатканда, эртеден кечке короодон чыкпай, маңдай терин төккөн малчылардын эмгегин унутпасак.

Кайыр Жайлообекова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги