Күнүнө 50 литр сүт берген уйлар: 130 миң долларлык заманбап сарай салган фермер айым

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 19:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Туура тоюттандыруу жана сапаттуу кам көрүүнүн натыйжасында голштино-фриз тукумундагы бир уйдан күнүнө 40–50 литрге чейин, ал эми орточо эсеп менен 23–25 литр сүт ала тургандыгын Ош облусунун Кара-Суу районунун Большевик айылынан келген 31 жаштагы фермер Маркиза Ахмедова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда фермердин чарбасында 8 адис иштеп, жалпысынан 87 баш сүт багытындагы голштино-фриз уйу багылууда.

"Биздин фермада голштино-фриз тукумундагы уйларды багууга басым жасайбыз. Рекорддук көрсөткүч 8500 кг, күнүнө орточо 42 литр сүт алам, сүттүн майлуулугу 3,8%, андан тышкары биогаз өндүрөбүз. Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн уйларды убактысы менен туура тоюттандырып, сааты менен саап туруу керек. Эртең менен саат 8де уйду сааган бойдон кечинде бир саасак бул көрсөткүчкө жете албайбыз. Бул тукумдагы уйларды сааты менен саап, тоютун өз убагында берип туруу маанилүү.

Мисалы, бир уйга бир күнгө 20 кг силос, саман жана жем-чөп берилет, башка эч кыйынчылыгы жок. Эгер силос жок болсо гидропоника кылып берүү керек. Мисалы, алгач менин силоско акчам жок болчу. Мен чарбаны баштаган кезде 1 түк чөп 450 сом болгон. Башында силос жок жалаң чөп берип ар бир уйдан 15 литрден сүт алат элем. Ошондо интернеттен карап, чыктуу тоют катары буудайды же арпаны суулап өндүрүп, өстүрүп гидропоника жасоону өздөштүрдүм. Бул тоют уйлардын сүт берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Незиги силос болбогон жерде гидропониканы тоют катары колдонсо болот”, - деди фермер айым.

Ошондой эле ал мурда кадимки сарайда уйларды багып келген болсо, учурда минималдуу каражатка заманбап мал сарай курганын маалымдады.

"Бул сарайда уйлар байланып турбастан эркин жүрүшөт. Суулары 24 саат бою алдыларында турат. Анткени, уйлар канчалык көбүрөөк басса ошончолук сүт беримдүүлүгү жогору болот. Заманбап сарай куруунун наркы 130 миң доллар болду. Чарба түзүп, уй багууга жашоо-шарт өзү түрткү болду. Түркияда 10 жыл жүрүп, мал чарба багытында иштедим. Алар бирөөнүн кол алдында иштебейт экен, карап суктандым. Мен деле өз жеримде ушундай иш кылсам болот турбайбы, эмнеге булардын кол алдында иштешим керек деген ой пайда болду. Ошентип туура 10 жылдан кийин Кыргызстанга, айылыма кайтып келдим. Апамды карадым, кошуналарды карадым баары эле күнүгө 10 литрден эле сүт алышат экен. Мында кеткен чыгымын уйлар өзү актабайт. Алсак, 10 литр сүт чыгымдарды жапса, 10 литр сүт пайда болуш керек. Шашпай бардыгын карап, изилдеп көрүп голштино-фриз тукумундагы уйларды багууга токтолдум. Анткени, бул уйлар биринчи туутта эле 20 литрден сүт берет. Бирок, бул уйларды тоолуу шарттарда багууга болбойт”,- дейт Ахмедова.

Белгилей кетсек, каарманыбыз мамлекет тарабынан мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында берилген төмөнкү насыяларды алып, туура колдонууга чакырды.

“Иш жок деп жүргөн жарандарга айтаарым, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарды колдонуп мал чарбачылыгы менен алектениңиздер. Мамлекет тарабынан берилген төмөнкү пайыздык насыяны “Айыл банк” же “Элдик банк” аркылуу алып, ишкердикти 1-2 уйдан баштаңыз. Иш жок деп отурбастан уйду багып, уйуңду саап ишкерлик кыл. Айран уютуп, каймак тартып сатып да каражат тапса болот. Бир күндө 40 литр сүт алсаң, 20 литри чыгымдарга кетсе, 20 литр сүт таза пайда. Негизи жайытка чыкпаган бир уйдун бир күндүк чыгымы 484 сом болот. Биз учурда тоютту толугу менен сатып алуудабыз”,- деди ал.

Жыйынтыгында фермер айым Маркиза Ахмедова алдыда чарбасын мындан да кеңейтүү, кошумча жумуш орундарын түзүү сыяктуу чоң максаттары менен бөлүштү. Эскерте кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулуп, ушул күндөрү өтүп жаткан “Агродиалог” форумунда Маркиза Ахмедова чемпион-фермер аталды.