Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык мониторинг департаментинин адистери “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өткөн Ысык-Көл облусунун Бает айылында сууга изилдөө жүргүзүштү. Аталган мекеменин башкы адиси Рамил Мелис уулу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Анын пикиринде, экологиялык мониторинг 30-июлда жарышка чейин башталган. Мелдештен кийин 3-августта алынган суу үлгүлөрүнүн лабораториялык анализинде булгоочу заттардын жол берилген максималдуу концентрациясынан ашпаганы аныкталган.
"Физикалык-химиялык анализ боюнча айтсак, үлгүлөр рН, эриген кычкылтек жана мунай продуктуларынын бар-жогун аныктоо үчүн текшерилди", - деп белгиледи адис.
Департаменттен белгилешкендей, мелдеш учурунда көлгө бензин же күйүүчү май төгүлгөн учурлар катталган эмес.