Европарламенттин делегациясы Кыргызстанга каалаган учурда иш сапары менен келе алат. Президент тапшырма берди

Саясат Загрузка... 10 Февраль 2025 10:00
1799596.28fa7771fdc6c4f39d8e30c180.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу учурунда кыргыз тарап Ханс Фарнхаммерге 2025-жылдын 7-февралында Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури тарабынан жасалган билдирүүдө фактылар туура эмес берилгенине таң калуусун жана макул эместигин билдирди.

Кыргыз тарап Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин делегациясынын сапары жокко чыгарылбагандыгын түшүндүрдү. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан, аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, бул маалымат ЖМКларда жарыялангандан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа парламентинин делегациясын каалаган убакта Кыргызстанга сапары менен келүүгө жана өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен таанышууга чакыруу тапшырмасын бергенин маалымдады.