Европанын эң узак жашоочусу 112 жашында көз жумду

Дүйнө 17 сентябрь 2026 08:55
Европанын эң узак жашоочусу 112 жашында көз жумду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Европадагы эң узак жашаган адамдардын бири италиялык Витантонио Ловалло 112 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Витантонио Ловалло 1914-жылдын март айында төрөлүп, Италиянын түштүгүндөгү Авильяно шаарында жашап келген.

Ловалло өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн дыйканчылык менен өткөргөн. Кой багып, өзүнүн жүзүмзарын иштеткен. 100 жаштан ашкандан кийин да жүзүмзарындагы иштерди таштаган эмес.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Ловалло фронтто кызмат өтөп, 1943–1945-жылдары Германиянын туткунунда болгон. Төрт баланын атасы. Жубайы бир нече жыл мурда көз жумган.

Ловалло каза болгондон кийин Европадагы эң улгайган эркек деген макам 111 жаштагы португалиялык Жоаким Варелага өттү. Ошол эле учурда ал Европадагы эң узак жашаган адамдардын жалпы тизмесинде 32-орунда турат. Анын алдында 31 аял киши бар.