Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Анда, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Кеңештин жыйынынын алкагында интеграциялык кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулайт.
Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында 13-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунда VII кыргыз-орус экономикалык форуму өткөрүлөт.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана экономикалык форумуна Жалпыга малымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн pressslujbapkr@gmail.com дарегине төмөндөгүлөрдү жөнөтүңүз: толук аты-жөнү, ЖМКнын аталышы жана ээлеген кызмат орду, электрондук форматта 3*4 сүрөт, паспорттун көчүрмөсү (PDF форматында). Аккредитация 2025-жылдын 1-августуна чейин жүргүзүлөт. ЖМК өкүлдөрүнүн санына чектөө коюлган:
- Телерадио компаниялары – 3 адамга чейин;
- Маалымат агенттиктери – 2 адамга чейин.