ЕТӨФ менен минкаб ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 22 май 2025 13:13
ЕТӨФ менен минкаб ортосундагы макулдашуу ратификацияланды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунун болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун жана анын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууну, ошондой эле Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун жана анын кызматкерлеринин статусун, иммунитеттерин, артыкчылыктарын жана жеңилдиктерин таанууну карайт.