Эртең Бишкектин «Красный строитель» конушу менен шаарчасында суу болбойт

Коом 28 апрель 2025 12:22
suu_toktotu__2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
493535238_1118343827008137_7598386294586629479_n.jpg
Алдыга
Артка
suu_toktotu__2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
493535238_1118343827008137_7598386294586629479_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Эртең, 29-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин “Красный строитель” конушу менен “Красный строитель” шаарчасында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Өчүрүү району:

• Киргизская көчөсү - Саадаев көчөсү - Бельская көчөсү - Сары-Челек көчөсү - Бухарская көчөсү - Киргизская көчөсү.

Өчүрүү Саадаев жана Киргизская көчөлөрүнүн боюнча диаметри 300 мм болгон суу өткөрмөдөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.