Эртең Бишкектин эки конушунда ичүүчү суу болбойт

19 февраль 2025 12:40
1127084573.jpg
1739877131.original.jpg
Алдыга
Артка
1127084573.jpg
1739877131.original.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Эртең, 20-февралда Бишкектин эки конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мурас-Ордо", "Калыс-Ордо"   суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү конуштарда суу болбойт:

  • Мурас-Ордо конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин;
  • Калыс- Ордо  конушу саат 9.00дөн 18:00 гө чейин.

Бишкек мэриясы  келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.