Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт – даректер

Коом 15 сентябрь 2026 10:00
0747508eb335872a4f1bf41fc49358e7_XL.jpg
1789128672_lar.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
0747508eb335872a4f1bf41fc49358e7_XL.jpg
1789128672_lar.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт.

Мэриядан билдиришкендей, эртең, 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймак, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.

"Суу берүү “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат",-деп айтылат маалыматта.