Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Коом 26 февраль 2025 11:00
screenshot_3-1-1125x630 (2).jpg
1740487057.png
1740487065.png
1740487072.png
Алдыга
Артка
screenshot_3-1-1125x630 (2).jpg
1740487057.png
1740487065.png
1740487072.png
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эртең, 27-февралда төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу болбойт:

- Кийизбаева - Мамбетов  - Курманжан Датка  көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
- Ахунбев – Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
- Саманчин - Малдыбаев - Байтик баатыр - Сүйөркулов - Тыныстанов - Малдыбаев - Ахунбаев көчөлөрү. Саат  10:00дөн 14:00гө чейин.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.